БЭЙШАНЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЭЙША́НЬ – Борб. Азиядагы тайпак тоо, Кытайда. Батышындагы Лобнор көлүнүн ойдуӊу м-н чыгышындагы Жошуй (Эдзин-Бол) д-нын аралыгында жайгашкан. Уз. 700 км, жазылыгы 250 кмдей. Эӊ бийик жери – 2583 м (Мацзуншань чокусу). Негизинен жапыз тоолордон, келки массивдерден ж-а кырка тоолордон турат. Алар тоо аралык ойдуӊдар м-н бөлүнгөн. Рельефтин эолдук формалары таралган. Климаты кескин континенттик, өтө кургакчыл (жаан-чачындын жылдык өлчөмү 40–80 мм) . Кумдуу шамал тез-тез болуп турат. Агын суулары жокко эсе. Айрым оёӊ жерлеринде суусу негизинен мала туздуу кудуктар кездешет. Таштуу чөл ландшафты басымдуу; кыртыш суулары жер бетине жакын жаткан жерлерде – шалбаалуу шортоӊ өсүмдүктөр, айрым жерлеринде тугай токойчолору өсөт.