БЮДЖЕТ
БЮДЖЕ́Т (англ. budget) – мамлекет‚ башкаруунун жерг. органдары‚ ишканалар‚ мекемелер‚ үй-бүлө же айрым адамдар үчүн белгилүү мезгилге (жыл‚ квартал‚ ай) түзүлүүчү кирешелердин (түшүүлөр) ж-а чыгымдардын (пайдалануу) жазылышы. Б-тин киреше ж-а чыгым бөлүмдөрүндө каражаттардын түшүү ж-а чыгымдоо булактарынын көрсөткүчтөрү камтылат. Эгер чыгым кирешеден көп болсо‚ анда баланс тартыштыкка айланат. Киреше чыгымдан ашса‚ оӊ калдыкты пайда кылат. Мамл. Б. – мамл. кирешелеринин ж-а чыгымдарынын бийлик органдары тарабынан иштеп чыгылуучу ж-а жөнгө салынуучу балансыланган сметасы; мыйзамдык күчкө ээ. Мамл. Б-тин киреше бөлүгү негизинен салыктан, бажы салыгынан ж-а заёмдордон түзүлөт. Кырг-нда мамл. Б-тин жылдык пландоо системасы пайдаланылат.