ВЕГЕТАТИВ НЕРВ СИСТЕМАСЫ
ВЕГЕТАТ́ИВ НЕРВ СИСТЕМАСЫ – адам ж-а омурткалуу жаныбардын нерв системасынын бир бөлүгү. Организмдеги бардык ткандардын функциясын, б. а. кан айлануу, дем алуу, зат алмашуу, тамак сиӊирүү, бөлүп чыгаруу, көбөйүү ж. б. прцесстерди жөнгө салат. Ал бардык органдарды, ички секреция бездерин, жүрөктү, скелет булчуӊдарын ж. б. нервдештирип, булчуӊдагы зат алмашууну башкарат. Сүт эмүүчүлөрдүн В. н. с-нын түзүлүшү ж-а кызматы жакшы изилденген. Анын жардамы м-н организмдин ички чөйрөсүнүн туруктуулугу сакталат. В. н. с. анат. түзүлүшү ж-а кызматы б-ча симпат (СНС), парасимпат (ПНС) ж-а метасимпат (МНС) болуп бөлүнөт. Симпат ж-а парасимпат борборунун аткарган иштери жүлүн, каракуш мээ, гипоталамус, алдыӊкы мээнин ж-а нерв системасынын жогорку борбору болгон мээ кыртышындагы борбор аркылуу жөнгө салынат. В. н. с-нын талчалары мээ сүмбөсү м-н жүлүндүн белгилүү гана бөлүктөрүнөн башталып, нервдештирүүчү органдарга жетет. Анат. түзүлүшү б-ча борб. ж-а четки бөлүктөн турат. Анын борб. бөлүгүнө
Адамдын вегетатив нерв системасынын түзүлүш схемасы. Жүлүндүн I моюн, II көкүрөк, III бел, IV куймулчак бөлүгү. Көк түс м-н – парасимпат, кызыл м-н симпат нерв системасы берилген. мээ сүмбөсүндө жайгашкан III, VII, IX, X мээ нервдеринин парасимпат, жүлүндүн каптал түркүгүндөгү симпат ж-а жүлүндүн куймулчак бөлүгүнөн орун алган парасимпат борборлору кирет. Ал эми четки бөлүгүн вегетатив нервдер, алардын бутактары, вегетатив түйүндөр ж-а вегетатив чатыштар түзөт. Организмде симпат ж-а парасимпат нервдери бири-бирине карама-каршы кызмат аткарат. Мис., симпат нерв талчаларынын таасиринен жүрөктүн согуусу ылдамдайт, кан тамырлар тарыйт; тескерисинче парасимпат нерв талчаларынын таасиринен жүрөктүн согуусу басаӊдайт, начарлайт, кан тамырлар кеӊеет. Симпат нерв талчалары ичеги-карындын жыйрылышын жайлатса, парасимпат нерв талчалары тескерисинче аны тездетет. Эмоциялык абалда В. н. с-нын таасири м-н ички секреция бездери дүүлүгүп, адреналин, гипофиз ж-а калкан сымал бездердин гормондору көп бөлүнөт.