БҮРГӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮРГӨ кызы Акшербет (болжол м-н 1780 – 1856, Талас р-нундагы мурунку Чоӊтокой, азыркы Ханбүргө айылы) – акын. Атасы Бүргө баатыр өлгөндө кошкон кошогу калкка белгилүү болгон. Кийинки табылган даректер б-ча ал акылы, чечендиги, тайманбас курчтугу м-н таанылган. Балык м-н айтышып, чоӊ акындын сынына толот, ал анын сөз кудуретине, талант жигерине таӊ калган. Ал атасынын көзү өткөндөн кийин эли-журтунун тагдырын ойлоп тынчсызданат. Анын кошогу хан, бектерге карата айтылуучу салттуу гиперболалуу ыкмадан өзүнүн реалдуулугу м-н айырмаланган. Анда Бүргөнүн калкка чеп-коргон болгондугу, арыгын мыктап каздырып, өрүшүн малга, өрөөнүн данга толтурган камкордугу, сарыбагыш, солто урууларынын кармашуусунда калыстык м-н чырды басып, элди бөөдө өлүмдөн сактап калышы сыяктуу иштери камтылган. Кошок маани-мазмунунун тереӊдиги, сөздөрүнүн курчтугу м-н эл эсинен өчпөй, сакталып калган.