БӨГӨТТӨӨ
БӨГӨТТӨӨ т е х н и к а д а – машина же электр түзмөктөрүнүн жумушчу элементтерин (органдарын) бекитүүнү камсыз кылуучу каражаттар ж-а ыкмалар жыйындысы. Өнөр жай мекемелеринин, электр станцияларынын ж-а подстанциясынын, энергия системасынын, о. эле өндүрүштүн түрдүү түзүлмөлөрүнүн, тиричилик прибору ж-а аппараттарынын, транспорт жабдыктарынын ишенимдүү иштешин ж-а аларды тейлөөнүн коопсуздугун арттырат. Анда мех., оптикалык, магниттик же электрдик байланыштар м-н ишке ашырылат ж-а машина же аппараттын алгачкы абалга кайтып келишине же жаӊы жумушчу абалга өтүшүнө таасир этүү токтотулат. Ал жарым автоматтык, автоматтык же кол м-н иштетилип, транспорт, энергия системасында, эсептөө техникасынын түзүлмөлөрүндө, тиричилик ж-а өнөр жай аппараттарында, приборлордо колдонулат.