БӨЙРӨК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨЙРӨК – омурткалуу жаныбар м-н кишинин заара пайда кылуучу ж-а бөлүп чыгаруучу жуп органы. Б. аркылуу заара м-н кошо суу, азот алмашуунун акыркы продуктусу, туздар, организмдин өзүндө пайда болгон же сырттан кирген уу заттар бөлүнүп чыгат. Адамдын бөйрөгү ич көӊдөйүндө 12-көкүрөк ж-а 3-бел омуртканын тушунан орун алган. Төө буурчак формасында болуп, уз. 10–12 см, салм. 120–200 г. Ички жагы оюӊку келип, дарбаза деп аталат. Ал аркылуу бөйрөк артериялары ж-а нервдер кирип, вена, лимфа тамырлары ж-а заара аккыч түтүк чыгат. Б-тү фибриндүү кабык, бөйрөк май ж-а туташтырма ткандуу фасция курчап, жылдырбай кармап турат. Анын кыртыш катмарынын калыӊдыгы 4–13 мм. Ал белгилүү өлчөмдөгү ж-а курамдагы заара бөлүп чыгарат. Заара м-н кошо мочевина, туздар, суу ж. б. чыгат. Бул заттарды тери, өпкө, ичеги, шилекей бези да чыгарат, бирок алар Б-тү эч алмаштыра албайт. Сийдик Б. тканын түзүүчү нефрондордо пайда болот. Ар бир нефрон сийдик чыпкалануучу мальпиги (бөйрөк) денечелеринен ж-а түтүкчөлөрдөн турат. Кишинин бөйрөгү аркылуу 1 минда 1200 мл кан өтүп, 120 мл заара, ал эми 1 суткада 150 л алгачкы заара (фильтрат) чыпкаланат. Чоӊ кишиде 5 лдей кан болот. Демек, кан бир суткада 350 жолу Б. аркылуу өтүп, жетишерлик тазаланат. Алгачкы заара нефрон капсулаларынан заара түтүкчөлөрү аркылуу өтүүдө саны ж-а сапаты жагынан олуттуу өзгөрүүлөргө учурайт. Мында керектүү заттар клетка мембранасы аркылуу канга, зыяндуу заттар кандан түтүкчөгө өтөт. Сийдик чыгаруучу түтүкчөлөр биригип, ири түтүкчөгө чогулат. Ал аркылуу сийдик адегенде кичине, андан кийин чоӊ чөйчөкчөгө ж-а Б. түтүгүнө (лоханка) жыйылат.

Бөйрөк (бөйрөк тканы бир аз алынып ташталган): 1 – бөйрөк кыртышы;
2 – бөйрөк пирамидасы; 3 – бөйрөк чөйчөкчөсү; 4 – бөйрөк кан тамырлары
(артерия ж-а вена); 5 – бөйрөк күлтүкчөсү; 6 – заара агуучу түтүк.