БӨРК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨРК , б ө р ү к – 1) баш кийим. Б. аталышы Махмуд Кашгаринин эмгегинде кездешет. Азыр кыргыз тилинде активдүү колдонулбайт. Тек гана макал-ылакаптарда айтылып калган: «Бөрк ал десе, баш алган». Б. «Манас» эпосунун бардык варианттарында учурайт, кээде өӊү-түсү ажыратылып, кара Б., кызыл Б. деп да берилет. 2) Мыктын балка м-н ура турган тегерек жалпак башы.