БӨРҮ КАРАГАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨРҮ КАРАГАТ (Berberis) – өсүмдүктөрдүн бөрү карагаттар тукумунун уруусу; дайыма жашыл же күбүлмө жалбырактуу бадал, айрымдары анча чоӊ эмес дарак. Сабагы кырдуу, бутактуу, жалбырагы жөнөкөй, кезектешип жайгашат. Узун өркүнү тикенге айланган. Гүлү майда, өӊү сары, өркүндүн учунда топтошуп өсөт, кош жыныстуу. Мөмөсүнүн өӊү кара же кызыл, 1–5 уруктуу, даамдуу. Б. к-тын 500 түрү Евразия, Америка ж-а Түн. Африкада кездешет; Борб. Азия ж-а Кавказда 17, а. и. Кырг-нда 3 уруусунун 10 түрү өсөт. Кадимки Б. к. көп кездешет. Балдуу, дары өсүмдүгү. Тамыры м-н кабыгы жүн, тери боёодо колдонулат. А. ч. өсүмдүктөрүн дат илдетине чалдыктырат, ошондуктан Б. к-ка жакын а. ч. өсүмдүктөрү эгилбейт.