БӨРҮБАЕВ Мурза-Али
БӨРҮБАЕВ Мурза-Али (19. 4. 1950, Ош обл., Өзгөн р-ну, Мырзаке айылы –24.4.2021, ошол эле жерде) – генерал-майор (2004). П. С. Рыбалко атн. Ташкент командалык жогорку аскер окуу жайын (1972), РФтин Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын аскердик академиясын (2002) бүткөн. Взводдон ротанын командирине чейин командалык кызматтарда, 1986–88-ж. танкалык батальондун командиринин орун басары-штабдын начальниги, 2001-ж. КРдин Коргоо министринин орун басары, 2002-ж. Коргоо министрлигинин Аскерлеринин Түш. тобунун, 2004-ж. Түн. тобунун командачысы, 2007-жылдан КРдин Коргоо министринин орун басары болуп иштеген. 3-даражадагы «Манас» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.