ВАЗИР
ВАЗИР (ар., перс.), в е з и р (түрк.) – о. кылымдагы, о. эле жаӊы мезгилдеги Жакынкы ж-а Орто Чыгыш мамлекеттеринде хан, султан же эмирден кийинки жогорку даражадагы титул ж-а ага ээ болуп, алардын өкмөт иштерин аткарган төрө. Караханиддер кагандыгында В. каган же илек-хан тарабынан дайындалып, ага бийлик атрибуту катары мөөр, доолбас ж-а зоот, айрым учурларда илек-хан өзү салтанат м-н мөөрүн тапшырган, о. эле чапан жаап, күлүк атты тартуулаган. Ал мезгилде В. мансабы мурасталган ж-а адатта, ал таасирдүү уруулардын бирине, (мис., чигил же ягма) таандык болгон. Аббасиддердин тушунда В. халифтин канцеляриясын башкарган ж-а кээде халиф жок учурларда мамлекетти башкаруу иштерин да аткарган. Аны бийлик ээси дайындап, В-лик мансабы мураска өткөн эмес. 15-к-да Осмон империясында Осмон өкмөтүн жетектеген жогорку министр – «Улуу вазир» (везир и-азам, садразам) аталган мартабалуу кызмат орду пайда болгон. Ал султандын атынан адм. маселелерди чечип, о. эле жарлык чыгара алган, согуш учурунда аскерлерди башкарып, анын соӊунда тынчтык келишимдерине кол койгон. 1876-ж. өлкөнүн конституциясы б-ча Улуу вазир – Министрлер советинин төрагасы катары эсептелген, 1908-жылдан министрлерди дайындоо укугуна да ээ болот. Түркияда султандыктын жоюлушу м-н (1922) В-лик кызмат баканлык м-н алмашылган. Бирок В. аталышы (министр деген мааниде) Жакынкы ж-а Ортоӊку Чыгыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө азыр да бар.
Ад.: Адам Мец. Мусульманский ренессанс. М., 1966; 2-изд. 1996; Genc R. Karahanli Devlet Teskilati (XI yuzyil) (Turk Hakimi yet Anlayisi ve Karahanlilar). Istanbul, 1981; Баласагунский Юсуф. Благодатное знание. М.: Наука, 1983. Т. Жуманалиев.