БАНДУРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:28, 22 Май (Бугу) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНДУ́РА – украиндердин кылдуу чертме музыкалык аспабы. Мурда 12–25, кийин 40–50 кыл тартылган. Плектр менен ойнолот. Диапазону кылдын санына жараша болот. XVI–XVII кылымдарда Украинага кеӊири тараган. Элдик профессионал музыканттар Бандуранын коштоосунда дума айтышат, ыр ырдашат, күү чертишет. Украинада бандурачылардын мамлекеттик капелласы, профессионалдык жана өздүк көркөм чыгармачылык ансамблдер, оркестрлер уюштурулган. Бандуранын өркүндөтүлгөн түрлөрү (прима Бандура, альт Бандура, бас Бандура, контрабас Бандура) оркестрлерде ойнолот.