ГАБЕН
ГАБЕ́Н Жан (өз аты-жөнү – Жан Алекси Монкорже) (17. 5. 1904, Мериэль, Париж –15. 11. 1976, Нёйисюр-Сен) – француз киноактёру, ырчы, сценарист, музыкант. «Ардак легиону» сыйл. менен сыйланган (1960). 1923-жылдан эстрада бийчиси, оперетта ырчысы, киного 1931-жылдан тартылган. Тасмаларда жөнөкөй жумушчулардын, коомдон куугунтук жегендердин, жайдары мүнөз, кайраттуу каармандардын ролдорун аткарган, ошондой эле турмушка акылмандык, сабырдуулук менен караган, тажрыйбалуу, жөнөкөй адамдардын образдарын түзгөн. Белгилүү ролдору: машинист Раймон («Менин дүйнөм – түн», 1951), банкир Ноэль Шудлер («Бул дүйнөнүн даркандары», 1958), жумушчу Неве («Прери көчөсү», 1959), фермер Огюст («Героин», 1970). «Париж аркылуу» (1956), «Архимед селсаяк» (1959), «Мышык» (1971), «Доминичинин иши» (1973) фильмдерде Г. актёрдук чеберчилигин көрсөткөн. Франциянын улуттук сыйлыктарына, эл аралык кинофестивалдардын байгелерине ээ болгон.