ВАЛАМИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:38, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛАМИ́Р, Б а л а э м и р, Б а л а м б е р (420–469, Паннония, Байыркы Рим) – Батыш Хунн империясынын бийлөөчүсү. В-дин кол башчылыгы астында хунндар 370-ж. аландарды, 375-ж. Остгот королдугун талкалаган. 376-ж. Дунай д-нын жээгинде вестготторго сокку урган. Анын натыйжасында Батыш Хунн империясы Жайык (Волга) д-нан Дунайга чейинки аймактарга ээлик кылган.
Ад.: Бернштам А. Н. Очерки истории гуннов. Л., 1951; Иордан. О происхождении и деянии гетов. М., 1960. С. Өтөниязов.