ВАЛЕРИАН КИСЛОТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:38, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЕРИА́Н КИСЛОТАСЫ (пентан кислотасы) – бир негиздүү карбон к-тасы, СН3(СН2)3СООН. Жагымсыз жыты бар, түзсүз суюктук, кайноо t 185,4°C. Хим. касиети карбон к-тасына окшош. В. к-нын туздары ж-а эфирлери валераттар деп аталат. Өнөр жайда 1-бутенден же амил спиртин окистендирүүдөн алынат. Изовалериан к-тасы (СН2)3СНСН2СООН (3-метилбутан к-тасы) практикада маанилүү. Ал мышык тамыр жыттанган к-та, кайноо t 176,5°C, туздары ж-а эфирлери – изовалераттар. Негизинен дары мышык тамырдан же изоамил спиртин окистендирүүдөн алынат. В. к-нын эфирлери мөмө ж-а гүл жыттангандыктан, тамак өнөр жайында, парфюмерияда жагымдуу жыт берүү үчүн, изовалериан к-тасы фармацевтикада (валидол, карвалол, валокардин ж. б. алуу үчүн) колдонулат.