БРОНХ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 7 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРОНХ (гр. brjnсhos – кекиртек) – адам жана татаал түзүлүштүү омурткалуулардын дем алуу түтүгүнүн бутакчасы. Ал аркылуу өпкөгө аба келет жана өпкөдөн кайра чыгат. Кекиртек (трахея) көкүрөк көӊдөйүнө келгенде оӊ жана сол биринчилик Бронхко бөлүнүп, оӊ жана сол өпкөгө кирет. Андан ары дагы майда бутактарга – экинчилик Бронхторго бөлүнүп, Бронх дарагы (тарамдары) пайда болот. Эӊ майдалары бронхиолалар деп аталат. Алардын учунда альвеолалардан түзүлгөн өпкөнүн дем алдыргыч тканы жайгашкан. Ал кемирчек шакекчелерден жана жылма булчуӊдан турат. Майда Бронхтун булчуӊдары бронх астмасында рефлекстүү жыйрылат. Алардын ички бети ыргалма эпителий былжыр чели менен капталган. Бул эпителий клеткаларындагы түкчөлөр дем алуу жолдоруна түшкөн бөтөн нерселерди кыймылы менен кайра чыгарат.

Дем алуу органдарынын схемалык көрсөтүлүшү
(бронхтун үстүндөгү өпкө тканы алынып ташталган)
1 – кекиртек; 2 – бронхтор.