БУЛА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 11 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛА – ийирүүгө жарактуу эӊ ичке жана бышык жипче. Була катуу жана ийкемдүү болот да, текстиль (накта) жана химиялык Була болуп айырмаланат. Т е к с т и л ь Буласынан (к. Текстиль буласы) жип ийирилип, текстиль буюмдары даярдалат. Х и м и я л ы к Була жасалма жана синтездик болуп бөлүнөт. Ж а с а л м а Була табигый органикалык полимерлерден алынат да, ага вискоза, жез-аммиак, ацетат жана белоктуу Булалар кирет. Булар жыгачтан же көбүнчө кебез целлюлозадан, белоктуу Булалар өсүмдүктөрдүн же жаныбарлардын белокторунан (казеин) даярдалат. С и н т е з д и к Була синтездик полимерлердин (полиамид, полиэфир, полиолефиндин) коюу көлкүлдөк эритмесинен же полимердин (полиакрилонитрил, поливинилхлорид, поливинил спиртинин) суюк эритмесинен кургак жана суулуу метод боюнча алынат да, текстиль жиби жана штапель буласы түрүндө иштетилип чыгарылат. Алардан ар түрдүү буюмдар жана кездемелер даярдалат.