ВАН (Түркиядагы көл)
ВАН – Түркиянын чыгышындагы туюк көл. Армян тайпак тоосундагы тектон. өрөөндө 1646 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 3,7 миӊ км2дей. Тереӊдиги 145 мге чейин. Кеме жүрөт (Анкара – Тебриз темир жол парому). Суусу туздуу (19,1%). Чыгыш жээгинде Ван ш. жайгашкан. В-га жакын Сюпхан ж-а Немрут жанар тоолору бар. Жээгинде Кырг-ндан ооп барган кыргыздардын чакан тобу жашайт.