БУРСИТ
БУРСИ́Т – адамдын жана жаныбарлардын муундарынын былжырлуу кабынын сезгениши. Көбүнчө чыканак, ийин, тизе, кызыл ашык, жамбаш муундары жабыркайт. Катуу кармаган Бурсит дене кырсыкка чалдыгуудан же ириӊдүү оорулардын (чыйкан, сыздоок, остеомиелит ж. б.), ошондой эле жугуштуу оорулардын (грипп, бруцеллёз ж. б.) кабылдоосунан болот. Өнөкөт Бурсит кесипке байланыштуу пайда болуп, көбүнчө тоо кен жумушчуларында, оор көтөргөндө, спортчуларда көп жолугат. Катуу кармаган Бурситте муундун тушу кызарып, шишимик тартып ооруйт, кыймыл азаят, кээде эти ысып, жалпы абал начарлайт, күчөгөндө сезгенүү муунга же жумшак тканга өтүп, тери алдында же булчуӊ арасында флегмона пайда болот. Күчөп кетсе операция жасоого туура келет. Ошондуктан оорунун алгач белгилери билинер замат врачка кайрылуу керек.