БҮРКҮТ (кыраан куш)
БҮРКҮТ (Aquila chrysaetus) – туйгундар тукумундагы кыраан куш. Узундугу 90 смге, канатын жайганда узундугу 2 мге жетет. Борбордук Азиянын бардык тоо кыркаларында таралган. Жайында деӊиз деӊгээлинен 2–3 миӊ м бийик зоолордо жашайт. Уясын аска-зоолорго салып, аны башка жырткыч канаттуулардан кылдат кайтарат. Март айында 1–2 жумуртка тууп, ургаачысы 45 күндө басып чыгарат. Бүркүт – көзү курч, кыраан жырткыч куш. Түлкү, суур, эчки-теке, улар ж. б. алып азыктанат. Кыргыздар эзелтен

аны таптап, аӊ уулоодо пайдаланат. Мүнүшкөрлөр Бүркүткө түлкү, карышкыр ж. б. алдырат. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.