ВАН МАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАН МАН (б. з. ч. 45, Юаньчэн, Хан империясы – б. з. 6. 10. 23, Чанъань) – Байыркы Кытай мамл. ишмери, 9–23-ж. император. Тектүү Ван тукумунан чыккан. Б. з. ч. 8-ж. Хань империясынын жогорку төбөлү – «да сы ма» даражасына ээ болгон. 8-ж. сентябрда сарай төӊкөрүшүн уюштуруп, өзүн жаӊы Синь династиясынын императору деп жарыялаган. Дыйкандарга жер үлүштөрүн бөлүп берүү, жерге болгон жеке менчикти, кулдарды сатуу, сатып алууну жоюу б-ча реформаларды жүргүзүүгө аракет жасаган. Туз, темир, шарап ж. б. товарларды сатууга мамл. монополия киргизген. В. М-дын реформалары калктын ар кайсы катмарларында нааразычылыктарды пайда кылып, көтөрүлүштөргө (эӊ белгилүүсү «кызыл кашчандар» козголоӊу) алып келген. 23-ж. козголоӊчулар өлкөнүн борбору Чанъаньды ээлеген, В. М-дын башы алынган.