ВАН ЭЙК
ВАН ЭЙК Ян (1390 же 1385-ж. чен, Маастрихтке жакын – 22 же 23. 6. 1441, Брюгге) – нидерланд сүрөтчү-живописчиси новатору. Нидерландагы Кайра жаралуу иск-восун баштоочулардын бири. 1425-жылдан бургунд герцогу Филипп Добрыйдын ак сарай сүрөтчүсү болгон. 1427-ж. Испанияга, 1428–29-ж. Португалияга келген. 1430-жылдан Брюггеде жашаган. В. Э-тин атактуу чыгармасы – «Гент алтары». Чыгарманы живописчи Хуберт баштаган ж-а 1432-ж. Ян бүтүргөн (Хуберт Яндын улуу агасы, 1420-ж. Гентте иштеген, 1426-ж. өлгөн). «Гент алтары» (1430–32 же 1423–32, Генттеги Түн. Бавона собору) нидерланд иск-восунун тарыхында жаӊы доорду ачкан. В. Э-тин чыг-лык бийиктикке жетишине алтардын монумент композициялары («Канцлер Ролендин мадоннасы», 1436-ж. чен, Лувр; «Каноник ван дер Паленин мадоннасы», 1436, Муниципалдык сүрөт гал., Брюгге) өбөлгө болгон. Композицияларында пейзаж, интерьер, натюрморт, портреттик сүрөттөр маанилүү орунда. Сүрөттөгү майда бөлүкчөлөр ж-а бүтүндүк бири-

1434. Улуттук галерея (Лондон).
бирине орг. түрдө байланышкан: арх-ралык бөлүкчөлөр, буюмдардын жайгаштырылышы, гүлдөп жаткан өсүмдүктөр, асыл таштар ж-а кездемелер, Кудай эненин көркөм кийимдери ж-а ага табынып жаткан адамдардын келбеттери өтө чеберчилик м-н тартылган. В. Э. биринчилерден болуп ийкемдүү май живописин ж-а тунук боёк катмарларын колдонгон. Живопистин бул ыкмасы дүйнөлүк живопистин тарыхында чоӊ мааниге ээ болгон. В. Э. Европада алгачкылардан болуп портрет жанрында чоӊ чебер аталган («Тимофей», 1432; «Кызыл баш кийимчен адам», 1433, экөө теӊ Улуттук гал., Лондон; Сүрөтчүнүн жубайы Маргарет ван Эйктин портрети, 1439, Муниципалдык сүрөт гал., Брюгге), Европада алгачкылардан болуп эки
кишиден турган портретти тарткан («Жубайлар Арнольфинилердин портрети», 1434, Улуттук гал., Лондон). В. Э-тин иск-восу нидерландык эле эмес, италян чеберлерине да (Антонелло да Мессина ж. б.) таасирин тийгизген.
Ад.: Егорова К. С. Ян ван Эйк. М., 1965; Никулин Н. Н. Ян фан Эйк. [Альбом]. Л., 1968.
Н. Жылдызова.