ВАНУАТУ
ВАНУА́ТУ, В а н у а т у Р е с п у б л и к а с ы – Тынч океандын түш.-батыш бөлүгүндөгү мамлекет, Океанияда, Жаӊы Гебрид а-н (Эспириту-Санто, Малекула, Амбрим, Эфате ж. б.

80дей арал) ээлейт. Аянты 12,2 миӊ км2. Калкы 307,1 миӊ (2021), негизинен ни-вануату эли. Борбору – Порт-Вила ш. (Эфате а-нда). Мамл. тили – бислама (креол), англис ж-а француз тилдери. Акча бирдиги – вату. Адм.-аймактык жактан 6 провинцияга бөлүнөт. В. – БУУга, Түш.-Тынч океан форумуна, Түш.-Тынч океан ынтымакташтыгына мүчө.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005)
В. – унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамына кирет. Конституциясы 1980-ж. 30-июнда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент, ал парламент мүчөлөрү ж-а провинциялык кеӊештердин төрагаларынан турган коллегия тарабынан 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (52 депутат, 4 жылга шайланат). О. эле жерг. калктын маселелери б-ча консультациялык орган – Уруу башчыларынын улуттук кеӊеши да иштейт. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Министрлер кеӊеши жүзөгө ашырат, Өкмөт парламент мүчөлөрүнөн түзүлөт ж-а парламенттин алдында жоопкерчиликтүү. Министрлердин саны парламент мүчөлөрүнүн 1/4 бөлүгүнөн ашпоого тийиш. Негизги саясий партиялары: Вануаку партиясы, Бириккен улуттук партия ж. б.
В. жайгашкан Жаӊы Гебрид а. жанар тоолордон пайда болгон. Тоо массивдеринин бийиктиги

1879 м (Табвемасана тоосу, Эспириту-Санто а-нда – В-нун эӊ бийик жери), жээк бойлору түздүктүү. Базальт, андезит ж-а туфтан турган 60ка жакын жанар тоонун 10го жакыны көптөгөн сольфатарлары ж-а ысык булактары бар аракеттеги жанар тоо (Вануа-Лава, Аоба, Амбрим, Танна ж. б. аралдарда). Алмаз, алтын, күмүш (Малекула, Эспириту-Санто а.), марга-

нец кен таштары казып алынат. Климаты тропиктик, деӊиздик: майдан октябрга чейин салкын ж-а мелүүн нымдуу сезон; нымдуу ж-а ысык мезгил январь – апрелге туура келет, тайфундар болуп турат. Айлык орт. темп-расы 20–27°С. Жылына 1200–3000 ммге чейин жаан-чачын жаайт. Кыска дарыялар, жанар тоолордун аракетинен пайда болгон көлдөр бар. Ферраллит ж-а жанар тоо топурактары басымдуу. Өлкөнүн 36%ин токой ээлейт. Тоолордун айдарым беттеринде ж-а тоо этектеринде дайыма көгөрүп туруучу тропик токою, кургакчыл аймактарында жалбырагы күбүлмө сейрек токой өсөт. Калкынын 98,5%ин меланезиялыктар түзөт. Орт. жашы, эркектериники – 61, аялдарыныкы – 64. Орт. жыштыгы – 1 км2 17 киши. Шаар калкы 23%. Ири шаарлары – Порт-Вила, Люганвиль.
Жаӊы Гебрид а-нын бирин 1606-ж. португалиялык деӊиз саякатчысы П. Ф. де Кирос тарабынан ачылган. 1768-ж. аны экинчи жолу француз Л. А. де Бугенвиль ачкан. 1774-ж. Ж. Кук аны Атлантика океанындагы Гебрид а-нын рельефине окшоштугунан улам Жаӊы Гебриддер деп атаган. 19-к-дын биринчи жарымында бул жерге европалыктар келишкен. Жаӊы Гебриддерди ээлөө үчүн Улуу Британия м-н Франциянын ортосундагы атаандашуу 1887-ж. аралдарга чогуу ээлик кылуу тууралуу макулдашууга кол коюу м-н аяктаган. 1906-ж. ал кондоминиумга (бирдиктүү колониялык ээлик кылуу) айландырылган. 1922-ж. Жаӊы Гебриддерди башкаруунун шарттарын тактаган жаӊы конвенция ратификацияланган (ал б-ча аралдарды Франция м-н Улуу Британиянын резидент-комиссарлары башкарган). Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Жаӊы Гебриддерде башталган көз каранды эместик үчүн кыймыл Улуу Британия м-н Францияны аралдарды башкаруу системасын реформалоого мажбурлаган. 1957-ж. француздук, британдык ж-а жерг. калктын катышуусу м-н шайлоо аркылуу дайындалуучу резиденткомиссарлар жетектеген Консультациялык кеӊеш уюштурулуп, ал кийин Өкүлчүлүк ассамблеясы (1974–77) болуп кайра түзүлгөн. Ага таянуу м-н британдык ж-а француздук бийликтер аралдарга чектелген өзүн-өзү башкаруу укуктарын берүү м-н өз таасирин сактап турууну көздөгөн. 1970-жылдардан Жаӊы Гебриддердин Улуттук партиясы (1977-жылдан Вануаку партиясы) аралдардын көз каранды эместиги үчүн күрөштү жайылткан. 1978-ж. Улуу Британия ж-а Франция аларга ички автономияны берген. 1980-ж. британдык жаӊы мамлекет Вануату Респ-сы деп аталып, Шериктештиктин курамына кирген (1981-ж. 15-сентябрда БУУга кабыл алынган).
В-нын. алгачкы президенти болуп А. Ж. Калков шайланып (1989-ж. чейин), ал меланезиялык салтка ылайык «сокоману» («миӊдердин жол башчысы») титулун алган, премьер-министр болуп – англ. дин кызматкери У. Х. Лини дайындалган. 1980–90-жылдарда В-да көп партиялуу саясий система калыптанып, анда Вануаку партиясы м-н катар эле Орточо партиялар Союзу, Улуттук бириккен партия негизги ролду ойной баштаган. 2004-ж. августта В-нун президенти болуп К. Матаскелекеле, ошол эле жылдын декабрында Улуттук бириккен партиядан Х. Лини Вануаророа премьер-министр болуп шайланышкан.


В. – экономикасы начар өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет; чет өлкөлүк (Австралия ж-а Жаӊы Зеландиядан) жардамга кыйла күнкор. Ички дүӊ продукциясынын көлөмү 580 млн АКШ доллары (2003); аны киши башына бөлүштүргөндө 2900 доллардан туура келет. Ички дүӊ продукциясынын 62%ин тейлөө чөйрөсү, 26%ин а. ч., 12%ин өнөр жайы түзөт. Мамлекеттик кирешенин негизги булагы – бажы салыгы, лицензиялык ж-а регистрациялык жыйымдар. В. офшордук кеме регистри (В-нын желеги астында деӊиз кемелерин каттоонун ачык системасы) бар: өлкөнүн соода флотуна чет өлкөлүк 52 кеме катталган. Кирешенин кыйла бөлүгүн оюн-зоок индустриясы берет (өлкөдө кумар оюндарына расмий уруксат берилген). 20-к-дын аягынан келип жаткан чет өлкөлүк валютанын олуттуу бөлүгүн туризм түзөт; 2005-ж. 50 миӊден ашык турист (негизинен Австралия м-н Жаӊы Зеландиядан) келген. В-нун өнөр жайы начар өнүккөн. Марганец (Эфате а-нда), о. эле алтын, күмүш (Малекула ж-а Эспириту-Санто а-нда) казылып алынат. 2003-ж. 41 млн кВт . с электр энергиясы өндүрүлгөн. Калкынын 75%ке жакыны электр энергиясы м-н камсыз болгон эмес, анткени алар чачыранды жайгашкан көптөгөн аралдарда отурукташкан. Иштеп чыгаруучу өнөр жайына жеӊил, жыгаччылык, тамак-аш ж-а текстиль өнөр жай тармактары таандык. В-нун а. ч. натуралык ж-а чала натуралык мүнөздө. Товардык өндүрүшүн негизинен копра түзөт. А. ч-га жарактуу жери өлкөнүн аймагынын 13,3%ин ээлейт; анын 2,5%и айдоо жер, 7,4%и көп жылдык өсүмдүктөр, 3,4%и табигый тоют өсүмдүктөрү. А. ч-нын негизин өсүмдүк өстүрүүчүлүк түзөт. 2004-ж. 240 миӊ т кокос жаӊгагы, 13,5 миӊ т банан, 2,5 миӊ т жер жаӊак, 2 миӊ т какао-буурчак, 0,7 миӊ т жүгөрү, жашылча ж-а мөмө-жемиш жыйналган. Түш. аралдарында жайыт мал чарбачылыгы (130 миӊ бодо мал) өнүккөн. Чочко көп асыралат, бирок коммерциялык мааниси жокко эсе. Балык уулоо өнүгүүдө.
Темир жолу жок, автомобиль жолунун жалпы уз. 1070 км, анын 256 кми асфальтталган. Порт-Вила ш-нда эл аралык аэропорт бар. Ири порттору: Люганвиль (ал аркылуу жылына 30 миӊ т жүк өтөт), Порт-Вила (5 миӊ т ). 2002-ж. экспорттолгон товар 26,6 млн, импорттолгону 138 млн долларды түзгөн. Сыртка копра, кава (алкалоиддүү калемпир), жыгач, уй этин чыгарат. Негизги соода шериктештери: Таиланд, Малайзия, Япония, Бельгия, Кытай. Машина ж-а анын жабдууларын, отун, азык-түлүктү Тайвандан, Австралиядан, Япониядан, Сингапурдан, Жаӊы Зеланлиядан, Фижиден, АКШдан алат.
Ад.: Вануату/Большая Российская энциклопедия. Т. 4. М., 2006.