ВАРАНАСИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРАНА́СИ, Б е н а р е с (байыркы Каши) – Индиянын түндүгүндөгү шаар, аты окшош дистриктин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору; Уттар-Прадеш штатында, Ганг д-нын боюнда жай-

Шаардын борбордук бөлүгү.

гашкан. Калкы 1,4 млн (2011). Дели – Калькутта магистралындагы ири жолдор тоому. Аэропорту бар. Индуизм, буддизм диндеринин ири диний борбору (жылына 1 млндон ашык зыяратчылар келет). Болжол м-н б. з. ч. 7-к-да пайда болгон. Шаардын эски бөлүгүндө 1500гө жакын храм бар. Индуизм мад-тын, динин ж-а санскритти окуп үйрөнүүнүн борбору. Үч ун-т (а. и. Бенарес индуизм ун-ти), ондон ашык коллеж, хинди тилиндеги китептер сакталган ири китепкана бар. Текстиль (кебез, жибек кездемелер), тамак-аш, металл иштетүү, хим. (жер семирткич ж. б.) өнөр жайлары, дизел локомотивдер з-ду иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк (жибек сарилер, парча, килем, диний буюмдар) өнүккөн. Хинди тилиндеги китеп басуунун борбору.