ВАРИСТОР
ВАРИ́СТОР [англ. vari (able) – өзгөрмө ж-а (resi) stor – резистор] – чоӊдугу берилген чыӊалууга көз каранды болгон өзгөрмө R каршылыкты ченөөчү прибор. Аны даярдоо үчүн күкүм түрүндөгү кремний карбидин байланыштыруучу суюктуктар: чопо, суюк айнек, лак ж. б. же ылайлар м-н пресстеп, калыпка куюп, 1700°С темп-рада бышырат. Анын бетине металл капталып, ага зым каӊдалат. Чыӊалуу өскөндө каршылык азайып, бүртүкчөлөрдүн ортосундагы контакттардын каршылыктарын төмөнд өтөт. В. төмөнкү жыштыктуу ток м-н чыӊалууну бир калыпта кармап туруу ж-а жөнгө салуу үчүн колдонулат.