ВАСИЛЬЕВКА
ВАСИ́ЛЬЕВКА – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Васильевка айыл округуна караштуу. Чүй дарыясынын сол жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 700 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору – Лебединовка кыштагынан 45 км түндүк-батыш тарапта. Пишпек темир жол бекетинен 40 км. 1903–05-жылдары негизделген. Калкы 4000 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Кесиптик-техникалык окуу жайы, орто мектеп, бала бакча, оорукана, ФАП, дарыкана, клуб, китепкана, универмаг, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Советтер Союзунун Баатыры И. А. Гришин туулган.