ВАТИКАН
ВАТИКА́Н – Италиянын борбору, Римдин аймагындагы шаар-мамлекет. Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы – Рим папасынын резиденциясы. Чиркөө башкармалыгы (Рим куриясы) турган жай. Римдин батыш бөлүгүндө, Вати-кан дөӊсөөсүндө, Тибр дарыясынын оӊ жээгинде жайгашкан. Аянты 0,44 км2. Калкы 829 (2019). Мамлекеттик тили – латын жана италян тилдери. Акча бирдиги – евро (2002-жылдан). Ватикан – эл аралык субъект катары эл аралык уюмдарга (анын ичинде ЕККУ–ОБСЕ, МАГАТЭ) мүчө болууга акылуу. Ошондой эле БУУга, ЮНЕСКОго ж. б. уюмдарга байкоочу катары миссия аткарат. Ар кайсы өкмөттүк уюмдарга мүчө.

Мамлекеттик түзүлүшү
Ватикан (расмий аталышы – Ыйык Так) – теократиялык монархия. Жаӊы негизги мыйзамы Рим папасы Иоанн Павел II тарабынан 2000-ж. 26-ноябрда кабыл алынып, 2001-жылдын 22-февралынан күчүнө кирген. Ватикан мамлекетинин башчысы – Рим папасы, Рим-католик чиркөөсүнүн эӊ жогорку иерархы. Ыйык Ата, Рим епископу, Иисус Христостун наместниги, Ыйык Пётрдун орун басары, Аалам чиркөөсүнүн жогорку понтифиги, Батыш патриархы, Италия примасы, Рим провинциясынын архиепископу жана митрополити, Ватикан Градынын Жогорку башкаруучусу титулдарын алып жүрөт. Рим папасы кардиналдардын коллегиясы (конклав) тарабынан өмүр бою шайланат. Ал толук мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигине ээ. Мыйзам чыгаруу бийлигинин органы (Жогорку понтифик бул бийликти өз алдынча жүргүзүнү каалаган учурлардан тышкаркы мезгилдерде) кардиналдардан жана аларды жетектеген төрагадан турган Ватикан иштери боюнча Папа комиссиясы болуп саналат. Ватикандын светтик суверенитетине жана жарандык башкаруусуна таандык болгон аткаруу бийлиги Мамлекеттик секретариат (1988-жылдан жалпы бөлүмдөн жана мамлекеттер аралык байланыш бөлүмүнөн турат) тарабынан жүзөгө ашырылып, аны өз ишмердүүлүгү үчүн Рим папасынын алдында гана жоопкерчиликтүү болгон кардинал – мамлекеттик катчы жетектейт. Ватиканды коргоо жана салтанаттарды өткөрүү функциясы швейцариялык гвардияга жүктөлгөн.
Калкы
Ватикандын жергиликтүү калкынан тышкары Римде жана анын айланасында жашаган 3 миӊге жакын адам Ватиканда иштейт. Ватикандын жарандыгы анын аймагында туруктуу жашагандарга гана берилет. Жарандыкка Рим папасынан тышкары кардиналдар, нунцийлер жана Апостолдук нунцийликтин кызматкерлери (дипломатиялык кызмат учурунда), швейцариялык гвардиячылар (Ватиканда кызмат өтөгөн мезгилде), Ватикан шаарынын губернатору, Ватикан шаарынын трибуналынын претору, жарандык актыларды каттоочу кызматкерлер, папанын жеке жардамчылары жана анын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле Ватиканда жашоого папа уруксат берген адамдар ээ боло алышат. Ватикандыктардын балдары 18 жашка чыкканда гана жарандык ала алышат. Сыртта жашагандар жарандыгын жоготушат (артыкчылык кардиналдарга гана берилет).
Тарыхы
Ватикан шаар-мамлекет. Тибр дарыясынын боюндагы Ватикан дөӊсөөсүнүн атынан аталган. Бул дөӊсөөдө орто кылымдын башында сарай курулуп, ал 14-кылымда католик чиркөө башчысынын резиденциясына айланган. 1870-жылы өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгында Папа облусу Италия королдугуна бириктирилип, Рим папасы светтик бийлик жүргүзүү укугунан ажыратылган. Бирок Рим папасы Пий IX мындай чечимдерге каршы нааразылыгын билдирүү катары өзүн «ватикандык туткун» деп жарыялап, өмүрүнүн аягына чейин Ватикан сарайынан тышка чыгуудан баш тарткан. Ыйык Так менен Италия мамлекетинин ортосундагы узакка созулган пикир келишпестик 1929-жылы 11-февралда Латеран макулдашууларынын жыйынтыгында чечилген. Макулдашуу боюнча Ватикан мамлекети түзүлүп, анын азыркы кездеги чеги белгиленген жана эл аралык өз алдынчалыгы (суверенитети) таанылган. Ватикан эл аралык укук субъектиси катары бир катар эл аралык уюмдардын мүчөсү. Ыйык Так кеӊири тармактагы эл аралык жана социалдык маселелерди чечүүдө таасирин тийгизип келет. 2-дүйнөлүк согуш алдында Пий XI, ал эми согуш учурунда анын мураскери Пий XII нацизм жана коммунизм идеологиясын кескин сындап чыккан. 1971-жылы Ватикан ядролук куралдарды таркатпоо тууралуу келишимге кол койгон, 1975-жылы Европадагы кызматташтык жана коопсуздук боюнча кеӊешмеге катышкан жана

анын жыйынтык документине кеӊешмеге катышкан бардык мамлекеттерди ар бир адамдын диний ишенимин сыйлоого жана каалаган динге сыйынуусун урматтоого милдеттендирген милдеттенмени киргизүүнүн демилгечиси болгон. Ватикан эл аралык чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну активдүү колдойт. Папа Иоанн Павел 1999-жылы НАТОнун аскерлеринин Югославияны бомбалоосун, 2003-жылы АКШнын Иракка басып кирүүсүн ж. б. кескин сындаган.
Ватикан (Ыйык Так) Тайвандын эң эски (1942) дипломатиялык өнөктөшү жана азыр Кытай Республикасынын (Тайвань) расмий түрдө тааныган Европадагы эл аралык укуктун жападан жалгыз эгемен субъекти болуп саналат. Ватикан дүйнөнүн 174 өлкөсү менен дипломатиялык мамиледе, аларда папалык элчилер өкүлчүлүк кылат. 15 эл аралык уюмдун, анын ичинде ДСУ, ЮНЕСКО, ЕККУ жана ФАОнун мүчөсү.
Чарбасы
. В-га тиешелүү өнөр жайы (полиграфиядан башка) жок. Жашоо-тиричиликке керектүү азык-түлүк, суу, газ ж. б. четтен алат. Электр-станциясы, борб. жылытуу, автономиялуу телефон тармагы, почта системасы ж-а телеграф кызматы иштейт. В-дын кирешеси дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган католиктердин кайыр-садагасынан ж-а туризмден (а. и. сувенир, почта маркаларын сатуу, музей экскурсиялары), басма продукцияларын сатуудан, башка өлкөлөрдөгү Рим католик чиркөөсүнө таандык жер аянттарынын ижарасынан түшөт. В-дын аймагында кирешеден салык алынбайт, валютаны сыртка чыгаруу ж-а алып келүү чектелген эмес. В-дын капиталы Италиянын ж. б. өлкөлөрдүн өнөр жайына салынган. В-дын Борб. банкы эл аралык финансы операцияларына катышат; бюджетин Рим папасы бекитет. Темир жолу (уз. 0,86 км) Италиянын мамл. темир жол тармагы м-н байланышат.
Маданияты.
В-дагы ЖОЖдор: Григориан (1582), Урбаниан (1627), Латеран (1773), Салезиан (1940, ун-т статусу 1973), Ыйык Фома Аквинский Папа (1580-ж. коллеж; 1909-ж. ун-т), Ыйык Крест Папа ун-ттери, Библиялык Папа, Чыгыш Папа, Арабистика ж-а ислам таануу Папа ин-ттары, хор мектеби бар Чиркөө музыкасы понтифик ин-ту ж. б. Пантеонго караштуу виртуоздор асем иск-восу ж-а ад-ты папа чоӊ академиясы (1542), Папа ИА (1603, мүчөлөрүн ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларынан папа өзү тандайт), Чиркөө (1701), Литургия (1740), Католик дини (1801), Археология (1810), Ыйык Фома Аквинский ж-а католик дини Рим (1879), Ыйык Мария кыз (1946), Социалдык илимдер (1991), Жашоону коргоо (1994) академиялары бар. Папа сарайында В. китепканасы (1475-ж. расмий негизделген, анда 300 миӊден ашык тыйындар ж-а медалдар бар Нумизматика кабинети) иштейт. В. музейлери, архиви (1610, мамл. катчынын, Рим куриясынын ж. б. соболордун документтери сакталат) бар. Архивдин базасында В. палеогеография, дипломатика ж-а архив таануу мектеби иштейт. В-да Европадагы эӊ эски обсерватория жайгашкан. 1993-ж. АКШда филиалы ачылган.
«Оссерваторе Романо» гезити күнүгө италян, жумасына француз, англис, испан, португал, немец, айына поляк тилинде чыгып турат. Радиостанция 1931-ж. түзүлгөн, жаӊы радиоборбору (1957) 34 тилде уктурууларды алып барат ж-а телеборбор (1983) иштейт.
Собордун бир каппелласы В-дын аймагындагы сыйынуучу, бак-парк, иск-вонун бардык тармактары айкалышкан арх-ралык ири комплекс. Арх-ра тарыхы 4–5-к-дан башталат. В-га көркөм колонадалар м-н курчалган Ыйык Пётр собору – дүйнөдөгү эӊ зор храм (1506–1614, арх.

Д. Браманте, Ж. делла Порта, Виньола ж. б.). Микеланжелонун «Христоско аза күтүү» мрамор скульптурасы айрыкча көрк берип турат. Ыйык Пётр соборунун барокко стилиндеги аянты, Скала-Режа, Зала-Режа ак сарай комплекстери: Паолин (16-к.), Сикстин, Николай V капеллалары; Рафаэль Станцасы бар Боржиа апартаменти; Рафаэлдин лоджиялары Бельведер вилласы м-н Сан-Дамазо короосу; Пий IVнин казино багы (1503–45-ж. салынган, арх. Д. Браманте) орун алган. Ак сарайда В. китепканасы (кол жазмалар бар), байыркы замандын скульптура музейлери

ж. б. жайгашкан. Эки узун корпус (азыркы В. китепканасы), Пио-Клементино музейи, статуя гал., папирустар кабинети, Нумизматикалык кабинет орун алган. Бельведер вилласы (1485–87; 16–18-к. кайра курулган; бурамалуу тепкич, 1511–64, арх. Браманте, Лигорио) м-н кошуп турат. 1563–95-ж. Рафаэлдин лоджияларына Сикст V апартаменти улай салынган. Ак сарайда көчөгө чыгуучу Король тепкичи жайгашкан (Скала-Режа, 1663–66), андан ары Король залы (1538–73, арх. А. да Сангалло кичүүсү; Ж. Вазари, Т. ж-а Ф. Цуккари, О. Самаккини, Ж. Сальвиати ж. б-дын дубалга тартылган сүрөттөрү) бар. В-дын батышы – бакчалар, Лев IV дубалынын калдыктары (9-к. ортосу), папа Пий IV вилласы (1560, арх. П. Лигорио), Шамал мунарасы (1579; 1939-ж. чейин В. обсерваториясынын имараты), фонтандар (17-к. арх. Я ван Сантен), В. пинакотекасынын имараты (1929–32,

арх. Л. Белтрами), Папа ИА, Эфиоп коллегиясы, губернатор ак сарайы жайгашкан. Дубалдын ичинде 16–17-к. Зыяратчылар (9–17-к.; дубалга тартылган сүрөттөрү 9-к.) Ыйык Анна (1572, арх. Ж. да Виньола), Санто-Стефано-дельи Абиссини, Сан-Сальваторе-ин-Террионе чиркөөлөрү, мозаика өнөрканасы (1727), В-дын Сот сарайы, Диний окуу иштери б-ча конгрегация имараты, Павел VI аудиенция залы (1971), телеграф, телефон ж-а почта, темир жол вокзалы, басма сөз борбору, басмакана ж-а мейманкана (Ыйык Марфа үйү) бар. Ыйык Такка Римде жайгашкан Санта-Мария-Маджоре, Сан-Паоло-фуори-ле-Мура (монастыры м-н), Сан-Жованни-ин-Латерано Латеран аксарайы м-н (16-к.), Канчеллерия (1485–1513, арх-лор А. Бреньо, Д. Браманте), Дин таратуу б-ча Конгрегация ак сарайы (1642–67, арх. Ф. Борромини ж-а Ж. Л. Бернини), Кастель-Гандольфодогу (17-к.) папанын жайкы резиденциясы ж-а Римде, Италияда жайгашкан

ж. б. имараттар таандык. В. шаар-музей болуп эсептелет. В. ансамбли ж-а Римдеги Ыйык Такка тиешелүү имараттар 1956-жылдан ЮНЕСКОнун кайтаруусунда ж-а Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
Ад.: Ковальский Н. А., Красиков А. А. Ватикан: история и современность. М., 1991; 2000; Ватикан. М., 2001; История Ватикана: власть и Римская курия. М., 2002; Григулевич И. Р. Папство. Век ХХ. 3-е изд. М., 2003.