ВАТНАЙ¨КЮДЛЬ
ВА́ТНАЙ¨КЮДЛЬ, В а т н а - Й о к у л ь – Исландиядагы эӊ ири мөӊгү, муздук. Аянты 8538 км2. Муздун басымдуу калыӊдыгы 600–800 м, эӊ калыӊ жери 1036 м. Айрым мөӊгүлөрдүн этеги Атлантика океанынын жээгине чейин түшөт. Ватнай Кюдлдан Исландиянын эӊ бийик жери – Хваннадальсхнукюр чокусу (2119 м) көтөрүлүп турат. Мөӊгү басып жаткан жанар тоолор атылганда айрым учурда муз эрип, алаамат суу ташкынын пайда кылат. Түштүк четинде Скафтафедль улуттук паркы жайгашкан.