БАНДЕРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:47, 3 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНДЕ́РА раррррр Степан Андреевич (1. 1. 1909, Эски Утринов, Австрия-Венгрия, Лодомерия жана Галиция королдуктары – 15. 10. 1959, Мюнхен, ФРГ) – Украина улутчулдар уюмунун лидери. 1934-жылдан анын аткаруу комитетинин төрагасы. 1934-жылы Польшанын тышкы иштер министрине кол салууну уюштургандыгы үчүн өлүм жазасына өкүм кылынган, жаза түбөлүк камак менен алмаштырылган (1939-жылы бошотулган). 1941-жылы июнда Львовдо Украинанын көз каранды эместигин жарыялаган. 1941–44-жылдарда немецтик концлагерде отурган. 1945–47-жылдарда Батыш Украинада аракеттенген козголоӊчулар армиясын жетектеген. Атайы уюштурулган террордук актынын натыйжасында өлтүрүлгөн.