БАРБИЗОН МЕКТЕБИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:24, 4 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРБИЗО́Н МЕКТЕБИ – 19-кылымдын 30–60-жылдарында француздук пейзаж живописинин реалисттик көркөм агымынын өкүлдөрү (Т. Руссо, Ж. Дюпре, Н. Диаз, К. Тройон, Ш. Ф. Добиньи ж. б.). Парижге жакын Барбизон кыштагында иштешкен. 17-кылымдагы голландиялык пейзажисттердин салттарына таянган Барбизон мектебинин өкүлдөрү улуттук француз пейзажынын жаӊы тибин жаратышкан жана анда француз жаратылышын ачык-айкын, жөнөкөй, поэтикалык формада, күчөтүүсүз чагылдырышкан. Барбизон мектебинин сүрөтчүлөрү токойлорду, дарыяларды, шалбааларды, жупуну кыштактарды чындыкка жакын элестүү тартышкан, алардын түстүк байлыгын, жарык менен аба чөйрөсүнүн айкалыштарын сактап кала алышкан. Барбизон мектеби өзүнүн реалисттик принциптерин официалдуу академизмге каршы койгон. Жөнөкөй жана күндөлүк нерседен сулуулукту көрө билүүгө, ачык-айкындыкка, жасалмасыздыкка умтулууга, сүрөтчүлөрдү натурадан (чыныгы турпаттан) тартууга чакырган. Барбизон мектебинин чыгармалары 19-кылымдагы Европа көркөм сүрөт искусствосундагы реалисттик пейзаж жанрынын өнүгүүсүнүн маанилүү этаптарынан болгон.

Ж. Дюпре. «Күзгү пейзаж». Эрмитаж. Санкт-Петербург.