БАРСКОН
БАРСКОН – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Барскон айыл округуна караштуу. Ысык-Көлдүн түштүгүндө, Барскон суусунун оӊ өйүзүндө, Тескей Ала-Тоонун этегинде, деӊиз деӊгээлинен 1680 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 45 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 144 км. 1911-жылы орношкон. Калкы 6075 (2009); дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, медпункт, маданият үйү, китепкана, соода борборлору бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.