БАШТЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 15 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШТЫК – кездеме, таар, кийиз, булгаары ж. б-дан жасалган буюм. Баштыктардын көпчүлүгү буюм, кийим, азык-түлүк салууга арналып, үч тарабы туюк, бир жагы (оозу) ачык жасалат. Баштык жасалышына карата: сайма Баштык, бөз Баштык, бүйүрмө Баштык (оозуна бүйүрмө боо өткөрүлгөн); чыт Баштык, баркыт Баштык, таар Баштык, кийиз Баштык, булгаары Баштык ж. б.; керектелишине карай: кийим Баштык, чай Баштык, туз Баштык, жем Баштык ж. б. болуп бөлүнөт. Алар

көчүп конууда пайдаланганга өтө ыӊгайлуу болгон. Азыр азык-түлүк ж. б. буюмдарын ташуу үчүн синтетикалык материалдан жасалган ар кандай Баштыктар кеӊири колдонулууда.