БЕЙИТ БЕЛГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:42, 17 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙИТ БЕЛГИ – өлгөн адамды эскерүү үчүн бейит үстүнө коюлган архитектуралык же скульптуралык чыгарма. Бейит белги мазмуну жана формасы жагынан ар кайсы элде ар түрдүүчө болот. Бейит белги түрдүү курулуш материалдарынан жасалат. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерге, окумуштууларга, Ата Мекенди коргоочуларга ж. б. инсандарга арнап ар түрдүү Бейит белгилери (мавзолей, бюст же жөн эле такта) тургузулат.