БИШКЕК ШААРДЫК ДРАМА ТЕАТРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:58, 23 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК ШААРДЫК ДРА́МА ТЕАТРЫ А. Ө м ү р а л и е в атындагы – менчик театр. Эл депутаттарынын Фрунзе шаардык Кеӊешинин токтому менен 1993-жылы уюшулган. Алгачкы директору КР эл артисти А. Өмүралиев болгон. 2003-жылдан көркөм жетекчиси Цыцыгмой Өмүралиева. Япон элинин уламышы боюнча Дзюндзи Киноситанын «Каркыранын канаты» аттуу пьесасын сахналаштыруу менен 1993-жылы биринчи театр сезонун ачкан. Ошол эле жылы Ташкент шаарында өткөн «Театр: Чыгыш-Батыш» эл аралык театр фестивалына катышкан. Отуздан ашык чет өлкө театрлар ичинен «Каркыранын канаты» спектакли театр сынчыларынын жогорку баасына татып, «эӊ мыкты» деген он спектаклдин катарына кошулган. 1993-жылы театрдын алдында уюштурулган «Саамал» фольклордук тобу кыргыз улуттук музыкасын бир бүтүн сахналык чыгарма, б. а. спектакль катары концерттик программа менен көрүүчүлөргө тартуулап турушат. Анын алгачкы программасы 1994-жылы Данияда көрсөтүлгөн. 1994-жылы «Кожожаш» эпосу боюнча драматург Т. Осмоновдун «Керээз» аттуу пьесасы, 1995-жылы Ч. Айтматовдун «Кызыл алма» аттуу аӊгемеси сахналаштырылган (режиссеру Н. Асанбеков). Театр чет өлкөлүк да режиссёрлорду чакырып, артисттеринин чеберчилигин арттырат.

А. Зинчуктун «Дүйнө ирмеми» спектаклинен көрүнүш.
Эне – Д. Абдыкадырова, Чөө – Т. Абазова.

Түркмөнстандык Овлякули Кожокули 1996-жылы япон автору М. Тикамацунун «Тагдыр тору аралында жан кыйышкан эки ашык» трагедиясын «Амидзима» деген ат менен койгон. Ага театрдын драмалык труппасы, «Саамал» тобу катышкан. Украинанын Львов шаарында өткөн «Алтын арстан» эл аралык театр фестивалына катышып, «Амидзимада» О. Сандын ролун аткарган актриса У. Алимова «Аялдын мыкты ролу үчүн» деген баш байгени алган. «Амидзима» жана «Саамал» фольклордук тобунун концерттик программасы 1996-жылы КРдин Россиядагы күндөрүндө Москвада МХАТтын сахнасында көрсөтүлгөн. Театр жеткинчектерге жана жаштарга арналган чыгармаларга да көп көӊүл бурат. 1997-жылы театр Румыниянын Сибиу шаарында «Дүйнө маданият аркылуу» аттуу Бүткүл дүйнөлүк фонд уюштурган эл аралык театр фестивалына чакырылган. Фестивалга 50дөн ашуун мамлекеттин театр коллективдери катышкан. Театр дүйнөлүк классикалык адабиятка да кайрылат. Француз жазуучусу П. Мерименин «Ыйык Антонийдин ак жолунан тайышы» жана «Африкалык ашыктык» аттуу чыгармаларынын негизинде «Аял – азыткы же ашыктык кумары» спектаклин Б. Парманов койгон. 1998-жылы театр тажикстандык режиссер Ф. Касымов менен бирдикте В. Шекспирдин «Король Лир» трагедиясына «Кут каган» деген сахналык версияны жаратып, 1999-ж. У. Шекспирдин «Жайкы түндө көргөн түш» аттуу комедиясын коюуга украин режиссеру Д. Лазоркону чакырган. 1999-жылы театрдын алдында «Аура» тобу чыгармачылык жолун баштаган. «Ауранын» багыты – жаз, фюжн, фольклордук жаз. Репертуарында композиторлор Д. Эллингтон, Д. Брубектин чыгармалары жана дүйнөгө белгилүү музыканттардын репертуарына кирген чыгармалар бар. 2001-жылы А. С. Пушкиндин «Моцарт жана Сольери» (реж. Э. Ногоев) спектакли; 2002-жылы Софоклдун «Эдип падыша» (реж. Э. Ногоев, Б. Парманов), «Үч тилек» (реж. Ж. Жуэ), 2004-жылы «Жусуптун соӊку кечи» (реж. Д. Убайдуллаев) спектаклдери коюлган. 2003-жылы театрга КР эл артисти А. Өмүралиевдин ысмы ыйгарылган.
М. Оморова.