БИШКЕК АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ТЕХНИКУМУ
БИШКЕК АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ТЕХНИКУМУ Эл чарбасын башкаруу советинин токтому м-н 1930-жылы уюштурулган. 1990-жылы техникум архитектуралык-курулуш коллежи болуп кайра түзүлгөн. 1996-жылы Архитектура-курулуш техникуму деп өзгөртүлгөн. Техникумда 3 спортзал, ашкана, окуу устаканалары, 58 окуу кабинети, 5 лаборатория, 19 персоналдык компьютер менен жабдылган, интернет жана электрондук почта байланышына кошулган 2 компьютердик зал бар. Техникум архитектурара, имараттарды куруу жана эксплуатациялоо, имараттардын ичиндеги желдетүүчү жана санитариялык-техникалык курулуштун монтажы жана эксплуатациясы, жыгач иштетүү технологиясы, туристтик комплекстерде жана мейманканаларда уюштуруу жана тейлөө иштерин жүргүзүү, экономика жана бухгалтердик эсеп, жер жана мүлк мамилелери боюнча адистерди даярдайт. Ачылгандан бери техникум 25 миӊден ашык адис даярдаган (2006). 2005–06-жылдарда окуу жылында 1020 студент окуган.