БИШКЕК ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:46, 23 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ Ч. Базарбаев атындагы. 1980-жылы М. Күрөӊкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографилык окуу жайынын хореографиялык бөлүмүнүн базасында ачылган. Анда жалпыга билим берүүчү мектептердин программалары, талаптары менен бир эле мезгилде атайын ритмика, гимнастика, фортепьяно, хордо ырдоо сабактары өтүлөт. Хореография окуу жайы ачылгандан бери аны көптөгөн таланттуу жаштар бүтүп чыгышты. 2004-жылдын февраль айында окуу жайга СССР эл артисти Ч. Базарбаевдин аты берилген. Окуу жайда өз кесиптерин мыкты билген Р. Чокоева, Б. Алимбаев, А. Ырсалиев ж. б. тажрыйбалуу педагогдор иштешет.

Сабак учурунда.