БОГЕМИЯ АЙНЕГИ
БОГЕ́МИЯ АЙНЕГИ, ч е х а й н е г и – Чехияда (Богемияда) өнүккөн көркөм промысел; ошол промыселдин буюмдары. 14–15-кылымдан белгилүү. Аны жасоо 16-кылымдын аягынан император Рудольф IIнин тушунда айнекке кесип сүрөт түшүрүү техникасы иштелип чыккандан баштап жакшы өөрчүгөн. Богемия айнеги 17-кылымдын экинчи жарымында барокко мезгилинен кеӊири белгилүү, ал учурда кыр чыгарылган чех хрусталы жасала баштаган. Азыркы Богемия айнегине салт болуп калган кыр чыгаруу ыкмалары менен катар, түс, тунуктук жана фактуралык натыйжа бере турган башка пластикалык айкын формалар мүнөздүү.
