БОРБИЕВ
БОРБИЕВ Нуртай (15. 1. 1937, Чүй облусу, Кызыл-Аскер айылы – 8.6.2019, Бишкек) – актёр, сценарист, кинооператор, кинорежиссёр, КРдин эл артисти (1991), КРдин маданиятына эмгек сиӊирген кызматкер (1979). Бишкек айыл чарба техникумунун бухгалтердик эсеп бөлүмүн бүткөн (1958). 1959-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында оператордун жардамчысы катары эмгек жолун баштаган. 1961–66-жылдары өз алдынча оператор, 1966-жылдан операторлук менен катар эле режиссёрлук иш жүргүзгөн. 1990-жылдан «Келечек» киностудиясынын вице-президенти, Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун профессору (2002). Оператор катары тарткан

көрүнүктүү чыгармалары: «Алай карларында» (1963), «Манасчы» (1965), «Тору-Айгыр тумшугу» (1967), «Мурас» (1969), «Советтик Кыргызстан» (1975) документалдуу фильмдери, «Шаркыратма» (1975), «Түркүн тагдырлар» (1979), «Кошой таш» (1981), «Ак илбирстин тукуму» (1985), «Сүйүү жаӊырыгы» (1986), «Маӊкурт» (1989), «Азиат» (1990) көркөм фильмдери. Режиссёр катары «Айдыӊ» (1975), «Дунгандар» (1975), «Тынчсыздануу» (1975), «Жер деген эмне?» (1992) документалдуу фильмдерин тарткан. «Саманчы жолу» көркөм фильминде, «Көчө» фильминде чебер ойногон. Өзү тарткан бир катар документ фильмдердин сценарийинин автору. Тарткан фильмдеринин басымдуу көпчүлүгү эл аралык сыйлыктарга ээ болуп, айрымдары үчүн профессионал оператор катары 1-байгени алган. Бир нече медалдар менен сыйланган.