ВЕНГР ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:57, 11 Июль (Теке) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕНГР ТИЛИ – венгрлердин тили, Венгр Эл Республикасынын мамлекеттик тили. Финн-угор тилдеринин угор тобуна кирет. Венгриядан башка Румыния, Чехия, Словакия, Сербия менен Черногория, Хорватия, Словения ж. б. өлкөлөрдүн айрым райондоруна тараган. Венгр тили 8 диалектиге бөлүнөт. Байыркы жазма эстеликтери 12-кылымга таандык.