БАНКА (калай кен тобу)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:10, 3 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БАНКА 1 to БАНКА (калай кен тобу)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БА́НКА – калайдын чачынды кендеринин дүйнөдөгү ири тобу. Индонезиянын Түштүк Суматра провинциясында, Банка аралында жайгашкан. 16-кылымдан белгилүү; 1710-жылдан казып алынат. Геологиялык чалгындалган запасы 500 миӊ тга жакын. Калайдын негизги запасы негизинен деӊиз жээктериндеги жана шельфтериндеги аллювий, элювий, жээк жана шельф чөкмөлөрүндө топтолгон. Калай минералдары топтолгон негизги чөкмө 0,2–2,0 м калыӊдыктагы кум катмары. Ал касситериттүү (2–10 кг/м3) кварц сыныктары, турмалин, монацит, рутил, ильменит минералдарынан турат. Бул аймакта калайдын дагы 20дан ашуун кени бар, алар азырынча иштетилбейт.