БАРСКОН АШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:19, 5 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРСКОН АШУУСУ Тескей Ала-Тоонун борбордук бөлүгүндө. Барскон суусу менен Ара-Бел ойдуӊунун башында, деӊиз деӊгээлинен 3756 м бийиктикте жайгашкан. Ашуунун белинде гранит жана акиташ тектери жатат. Айланасында 4386–4512 м бийиктиктеги чокулар, мөӊгүлөр бар. Түндүк капталы тик жана кыска, түштүк капталы жапыз жана айдөөш, акырындык менен сыртка өтөт. Ашуунун чарбачылыкта мааниси чоӊ. Ички Теӊир-Тоонун сырттарын Ысык-Көл өрөөнү менен байланыштырат. Ашуу илгертен эле эл аралык жол катнашы болгон. Азыр ал аркылуу Кум-Төр алтын кенине барчу автомобиль жолу өтөт, жогорку вольттуу электр линиясы курулган.