ВАЗАРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:48, 21 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЗА́РИ (Vasari) Жоржо (30. 7. 1511, Ареццо – 27. 6. 1574, Флоренция) – италиялык архитектор, живописчи жана искусство тарыхчысы. Микеланжелонун окуучусу. Флоренцияда Медичи герцогдугунда ак сарай чебери болгон (1562-жылы сүрөт академиясын уюштурган). Римде, Болоньяда, Ве-

Ж. Вазари ж-а Б. Буонталенти. Флоренциядагы
Уффици имаратынын түштүк жагындагы арка. 1580–85-ж.

нецияда, Неаполдо ж. б. шаарларда иштеген. Ренессанс зодчийлигинин элементтери менен маньеризм архитектурасын айкалыштырган: менчик үй (1542; Вазари музейи жана Ареццодо Палаццо деи-Кавалери (1573–81), Пизеде Сан-Стефано-деи-Кавальери (1565–69) чиркөөсү. Вазари архитектор Б. Буонталенти менен бирдикте Флоренцияда Уффуци архитектуралык ансамблин түзгөн (1560–85; азыр музей). Анын фрескалары («Павел III папанын тарыхы» цикли, римдеги Палаццо Канчеллерияда, 1546, ж. б.) иллюстрациялуулугу менен баалуу. Италиялык искусствонун алгачкы тарыхчысы катары «Эӊ атактуу живописчилердин, скульпторлордун жана зодчийлердин өмүр баяны» китебинин автору (1950, 1968).