ВАЙНЕРТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:08, 22 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВА́ЙНЕРТ Эрих (4. 8. 1890, Магдебург – 20. 4. 1953, Берлин) – немец жазуучусу, акын. Испаниядагы улуттук-революциялык күрөштүн (1936–39) катышуучусу, «Эркин Германия» улуттук комитетинин президенти (1943–45). Германиядагы Искусство академиясынын негиздөөчүсү. Вайнерттин ырлары, аӊгемелери, пьесалары фашизмге каршы багытталып, демократиялык мүнөзгө ээ. «Эрих Вайнерт сүйлөйт» (1930), «Рот-фронт» (1936), «Немец солдаттарына» (1942), «Анык душманга каршы» (1944), «Дүйнөлүк тарыхтын экинчи главасы» (1947), «Испания тууралуу китеп» (1951) аттуу саясий сатиралык чыгармалардын автору. Ал Т. Г. Шевченконун, М. Ю. Лермонтовдун, А. А. Блоктун, В. В. Маяковскийдин, А. Т. Твардовскийдин чыгармаларын немец тилине которгон. Анын ысмы Магдебург, Берлин, Котбус, Фюрстенвальд, Лейпциг, Потсдам, Лаудиц, Висмар шаарларынын көчөлөрүнө коюлган.