ВАГАНОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:32, 5 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАГА́НОВА Агриппина Яковлевна [14(26). 6. 1879, Петербург – 5. 11. 1951, Ленинград] – балет артисти, балетмейстер, педагог, РСФСР эл артисти (1934). СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1946). 1897-жылы Петербург театр окуу жайын бүтүрүп, 1897–1916-жылдары Мария театрында иштеген. 1917-жылдан педагогикалык кызматта жүргөн. 1931–1937-жылдары Ленинграддагы С. М. Киров атындагы опера жана балет театрынын көркөм жетекчиси болгон. «Ак куу көлү» (1933), «Эсмеральда» (1935) балеттерин койгон. Г. С. Уланова, М. Т. Семёнова, Т. М. Вечеслова,

«А. Я. Ваганова класста». В. Семёнова-Тянь-Шанская

тарткан портрет.

Н. М. Дудинская жана башка балет чеберлери Вагановадан таалим алган. Бүбүсара Бейшеналиева да Ваганованын шакирти болгон. «Классикалык бийдин негиздери» окуу китебинин (1934, төрт ирет кайра басылган) автору. Ал балет өнөрүндө классикалык бийдин салттарын өнүктүрүүгө чоӊ эмгек сиӊирген. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Богданов-Берёзовский В. М. А. Я. Ваганова. М.; Л., 1950.