ВАЛТОРНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:21, 23 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛТО́РНА (нем. Waldhorn – токой кернейи) – байыркы мүштөктүү үйлөмө музыкалык аспап. 17-кылымда пайда болгон. Түпкү теги мергенчилердин мүйүздөн жасалган кернейинен таралган. Өркүндөтүлгөн жез үйлөмө музыкалык аспаптардын оркестрлик тобуна кирет. Валторна үчүн композитор К. М. Фон Вебер, Ф. Мендельсон, М. И. Глинка, Г. Бер-

лиоз чыгармалар жаратышкан. 20-кылымдан жеке жана ансамблде ойнолот.