ГААГА КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1922)
ГААГА КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1922) — Генуя конф-ясынын (1922) чечими б-ча 15-июндан 19-июлга чейин Гаага ш-нда (Нидерланд) өткөн эл аралык финансы-экон. конференция. Ага Генуя конф-ясына катышкан (Германиядан башка) 33 мамлекеттин өкүлдөрү чогулган. Конф-я капиталисттик мамлекеттердин Совет өлкөсүнө койгон доолорун талкуулап, Сов. Россияга карыз берүү маселесин да карамак болгон. Бирок капиталисттик өлкөлөрдүн өкүлдөрү сов. делегациянын (башчысы М. М. Литвинов) эл аралык кызматташуу ж-дөгү сунушун четке кагып, Сов. Россияга карыз берүүдөн баш тарткан.