ГАВРИЛОВКА
ГАВРИ́ЛОВКА – Чүй обл-нун Сокулук р-нундагы кыштак. Гавриловка айыл округуна караштуу. Бишкек – Ташкент автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊг. 730 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыш-нан 6 км чыгыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 3 км. Кыштак 1812-ж. отурукташкан. Калкы 2559 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, дарыкана, мад-т үйү, китепкана бар.