ГАЗ ДИНАМИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗ ДИНАМИКАСЫ – гидроаэромеханиканын кысылуучу туташ чөйрөлөрдүн (газ, плазма) кыймылын ж-а алардын катуу нерселер м-н өз ара аракетин изилдөөчү бөлүмү. Ал термодинамика ж-а акустика м-н байланышта. Басымдын же темп-ранын өзгөрүшү м-н бардык нерселер кысылуу касиетине ээ болот. Кысылуу касиети – басымдын же темп-ранын өзгөрүшү м-н заттын көлөмүнүн өзгөрүшү. Кысылуучу илээшкек газдын туруксуз кыймылын Навье – Стокс теӊдемелери аныктайт. Газдын кысылуу процесси газ үндүн ылдамдыгындай же aндaн ашык ылдамдык м-н акканда (же катуу нерсе газда кыймылдаганда) пайда болот (к. Бернулли теӊдемеси). Г. д. хим. (диссоциация, күйүү ж. б.) ж-а физ. (иондошуу, нурлануу) процесстерди коштогон жогорку темп-радагы газ агымдарын изилдөөгө мүмкүндүк берет. Г. д-нын ургаалдуу өнүгүшү реактивдүү авиациянын, ракеталардын, атом ж-а суутек бомбаларынын техникасы м-н байланышкан. Учуучу аппараттарды, кыймылдаткычтарды, газ машиналарын констр-лаган кезде алардын бетиндеги газ агымынан пайда болгон басым м-н сүрүлүү күчүн, темп-ра м-н жылуулук агымын да Г. д. изилдейт.