ГАЗ ПРИБОРУ
ГАЗ ПРИБОРУ — турак жайларды ж-а коомдук имараттарды жылытууда, тамак-аш бышыруу, суу ысытуу ж-а жасалма желдетүүдө пайдаланылуучу түзүлүш. Г. п. газ күйгөндө бөлүнүп чыккан жылуулук энергиясы м-н иштейт. Ал газ келүүчү түтүктөн, газ күйгүчтөн, жылуулук алмаштыргычтан ж-а күйүүнүн калдыктарын сыртка чыгаруучу түзүлүштөн турат. Г. п. үйтиричиликте (ашкана газ плиталары, суу ысыткычтар ж-а үй муздаткычтары), жылытуучу түзүлүштөр (газ м-н жылыткыч приборлор), ишканаларда ж-а коомдук ашканаларда (ресторан плиталары, тамак бышырылуучу казандар, суу ысыткычтар) колдонулуучу болуп бөлүнөт. Атм. типтеги газ күйгүч кеӊири колдонулат. Мындай Г. п-нда газ 500 сым. мам. Мм басымда соплодон чыгып, күйүү үчүн керектүү абаны (40—60%) атм-дан соруп алып, аралашат. Аба аралашкан газ күйгөндө көк жашыл жалын чыгат. Жалын сары болсо, көмүр кычкылы көбөйүп, адамга зыян келтирет. Андай учурда белгилүү өлчөмдө ачылып-жабылуучу клапандын (же бураманын) жардамы м-н газ күйгүчтөгү абаны көбөйтүү зарыл.