ГАЗАЛИ
ГАЗА́ЛИ, а л ь - Г а з а л и, Абу Хамид Мухаммед ибн Мухаммед (1058, Иран, Хорасан, Туса ш. – 19.12.1111, ошол эле жер) – мусулман уламасы, философ, теги б-ча ирандык. «Диний ишеним жөнүндөгү илимдерди калыбына келтирүү» («Китаб ухйя улум ад-дин») деген бардык илимдерден кыскартып жараткан көлөмдүү эмгегинде (компендий) Кудай эӊ жогорку Акыйкат болгондуктан, ил. негизде таанып-билүү мүмкүн эмес деген идеяны өнүктүргөн, өзгөчө чыгыш аристотелизмин жокко чыгарган (бирок анын классикалык баяндоосун берген). Г-нин ою б-ча кудай таануу ар адамдын жекече эӊсөөсү, бүткүл дили-делебеси м-н берилүүсү, шыктанып табынуусу аркылуу гана жетиши мүмкүн. Бирок Г. реалдуу дүйнөнүн закон ченемдүүлүктөрүн рационалдык негизде изилденген, ачып чыккан ил. билимдердин тууралыгын четке каккан эмес. Өзүнө белгилүү филос. системаларды катуу сындаган, «Философтордун өзүн-өзү төгүндөөсү» китеби айрыкча чыгыш аристотелизмине, б. а. ошол учурдагы философиянын алдыӊкы идеяларына каршы жазылган. Бул китепке жооп катары ибн-Рушд «Төгүндөөнү төгүндөө» аттуу эмгек жазган. Г-нин филос. идеялары Европанын мистик ойчулдарынын (Луллий, Экхарт ж. б.) окуусунун өнүгүшүнө таасир берген.