ГАЗИАНТЕП
ГАЗИАНТЕ́П – Түркиянын түш.-чыгышындагы шаар. Газиантеп илинин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Калкы 2,1 млн (2019). Евфрат д-нын өрөөнүндө жайгашкан. Темир жол бекети. Эл аралык аэропорту бар. Шаар б. з. ч. 4-миӊ жылдыктан белгилүү. Ассириянын, Рим империясынын, Византиянын, Араб халифатынын, Селжуктар өлкөсүнүн, 1516-жылдан Осмон империясынын курамында болгон. 1919-ж. англичандар басып алган. 1920-ж. француздарга өтүп, 1922-ж. Түркияга кайтарылып берилген. Византия чеби (6-к.), мечиттер (11-, 16-к.), ун-т (1987), музейлер (археол., этногр., Зeугма мозаикалары) бар. Г. – а. ч-луу аймактын (мисте, дан өсүмдүктөрү, тамеки, гозо, жүзүм өстүрүү) борбору. Мал чарбасы өнүккөн. Металлургия, текстиль, булгаары-бут кийим, тамак-аш, жыгаччылык, самын кайнатуучу, цемент, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүгү (жез, бермет, алтын м-н күмүштөн буюмдар, салттуу бут кийим, жүк жабуу) өнүккөн. Г-дан 60 км түн.-чыгышта тоонун бетине ассириялык падыша Салмансар IIIнүн таштын бетине түшүрүлгөн элеси, 50 км батышта Сакча-Гөзү археол. зонасы (неолит доорунун дубалдары м-н мунараларынын калдыктары) сакталган.